No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Среда, 10.09.2025
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Новости

2050-жылга адамзаттын алдында турган көйгөйлөр

28.10.2018

Адамзатка коркунуч жаратып, ойлонтууга мажбур кылган айрым маселелерге азыр эле кабылып жатабыз. Айталы, калктын саны, ядердик энергияны колдонуунун кесепети, байлар менен жакырлар ортосундагы ажырым…

Бирок акырындык менен өсүп олтуруп ушул жүз жылдыктын ортосунда алдыбызга бөгөт болуп кала турган башка көйгөлөр да бар.

Отуз жылдан кийин дүйнө эмне болот? Так айтууга мүмкүн эмес, бирок илим менен техниканын өнүгүшү бул суроолорго жооп издөөгө мүмкүндүк берет.

Эртеңки күндүн потенциалдуу делген көйгөйлөрүнүн айрымдары.

Адамдын генинин модификациясы

Адамдын ДНКсын өзгөртүүгө мүмкүндүк берген жаңы технологиянын тегерегиндеги талаш-талкуулар барган сайын күчөп баратат. Ага «каршылар» менен аны «колдогондорду» талашы кызыды.

Технологияны Crispr деп аташып («айкыныраак» ), теориялык жаткан алганда ал ДНКны өзгөртүүгө мүмкүндүк берип, маселен, рак сыяктуу илдеттер болбой калат деп айтылган.

Абдан жакшы көрүнүш, чынбы? Эми этикалык көз караш менен бул ачылыштын караңгы жагына үңүлүп көрөлү. Бул технологияны колдонуу «дизайнердик чүрпөлөрдүн» артынан түшүүгө алып келип, бай ата-энелер өзүнүн ишке ашпаган амбицияларынын өтөөсүнөн чыгууга каалоосу күчөп кетпейби?

Азырынча бул технология кеңири колдонула элек. Ошондуктан муну адамзаттын алдында турган көйгөй деп айтууга али эрте болушу деле мүмкүн. Бирок биз азыр көтөрүп жаткан суроолор 2050-жылга барып актуалдуу болуп калышына даяр болушубуз керек.

Адамдын ДНКсы өзгөртүү боюнча эксперименттерге биз этика боюнча адистердин катышуусун камсыздай алабызбы?

«Качан технология ушундай ылдамдык менен жаңы-жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатканда, мунун этикалык жагын ойлонууга убакыт табуу да кыйын болуп калат»,-деп белгилейт Веллингтондогу (Жаңы Зеландия) Виктория университетинин профессору этика боюнча Николас Агар.

«Бул абдан тез бүтчү иш эмес, бирок биз адамга адам эмне кылып жатканын жана эмнеге тийишпей эле коюшу керектигин чечүүгө туура келет».

Улгайгандар саны көбөйүүдө

Биздин планетанын калкы жөн эле өсүп жаткан жок. Биздин жашообуздун узактыгы да көбөйдү. Бул өзүнчө эле сонун нерсе. Бирок улгайган кишилерге коомчулук тарабынан атайын камкордук, көптөгөн жардамдар талап кылынууда.

2100-жылга карата жүзгө жашка чейин жашагандардын саны 50 эсеге чукул көбөйөт. Бүгүнкү 500 миңден 26 млн ашуунга чейин. Дүйнөдө калкынын көбүн жашы 65тен өйдө курактагылар түзгөн өлкөлөрдүн саны артат.

Алдыдагы жакынкы он жылдыкта улгайган кишилерди кантип карайбыз, камкордукка алабыз (Японияда бул үчүн атайын роботторду колдонуу пландалып жатат) деген суроону чечүү түйшүгү турат.

Жок болуп кете турган шаарлар

Дүйнөлүк мухиттердин (океан) деңгээлинин көтөрүлүшү айрым шаарлар акырындык менен жок болуп кетүүсүнө алып келет. Азыр Майамиде эмне болуп жатканына назар салуу эле жетиштүү болсо керек.

Климат өзгөрүп жатат жана бул жерде кеп Техастагы суу ташкындоолор тууралуу эле жүрүп жаткан жери жок. Аба-ырайындагы өзгөрүүлөр шаарлардын дизайнын өзгөртүүгө да алып келиши мүмкүн. Атайын дамбаларды айтпаганда деле, биринчи кабаты бийик болгон имараттарды курууга туура келет.

Бирок мунун баары убактылуу чаралар. Эгерде климаттагы азыркы тенденция сакталып турса, анда бизге деңиз деңгээлинен төмөн жайгашкан бүтүндөй аралдарды, шаарлардын жана чөлкөмдөрдүн бөлүгүн жоготууга туура келет. Мунун экономикалык эффектиси абдан олуттуу болот. Андан кийин «климаттык» качкындар кеңири жайылган көрүнүш болуп калат.

Эгерде климаттын өзгөрүшү массалык миграцияга алып келсе, ал агымга кабылган чоң шаарлардын инфраструктурасы жана ал өлкөнүн экономикасы оор көйгөйлөргө туштугат.

Социалдык тармактардын эволюциясы

Акыркы он жылдыкта интернет, социалдык тармактар биздин баарлашуубузду жакшыртты. Экинчи жагынан, муну менен бирге адамзатка белгисиз болгон көйгөлөр дагы кошо келди.

Азыр көпчүлүк кишилер маалыматты социалдык тармактардан, «Фейсбук», «Инстаграм», «Твиттерден» (же 2050-жылга дагы бирдемелери чыгышы мүмкүн да) аларын эске алганда, булар биздин жашообуздун бир бөлүгү сыяктуу болуп калды.

30 жылдан кийин социалдык тармактардан кандай мүнөздө болуп калат? Алар биздин жашообузга кандай жаңы коркунучтарды алып келет?

Алардын бири - жеке жашоо укугу болбой калат. Бул көйгөй азыр эле жаралып жатат. Биздеги купуялуулукту алып алуу менен социалдык тармактар бизге кибербуллинг (интернет-уулануу) сыяктуу жаңы көйгөйлөрдү берүүдө.

Интернет-троллдор менен күрөшүү үчүн көптөгөн коомдук жана кайрымдуулук уюмдар уюшулду. Бирок укук коргоо органдары жана социалдык тармактардын ээлери бул ууландырган феноменди жок кыла алабы же мындан да жаман болуп кетеби? Бул чоң суроо.

Фейк жаңылыктардын мурдагыдай кала бергени, бул кишилердин көз карашына таасир этип, дүйнө таанымын кандай өзгөртөт? Эгер он жыл ичинде айлап-жылдап адамзат такталбаган, жалган жаңылыктарга сугарыла берсе, анын цивилизациялуу дискуссия куруу жөндөмү, анын цивилизациялуу коомго мүчө болушу күмөн жаратат.

Оптимисттер соцтармактар биздин жашообузга өтө бат аралашып кетти, бардык маселе жакында чечилет деп эсептешет. Балким ошондойдур, бирок анткен менен «Фейсбукка» 13 жыл болбодубу. Эми алдыдагы отуз жылда кандай интернет көйгөй менен кагылышарыбызды элестетип да болбойт.

Жаңы геосаясый абал

Ѳткөн жылы биздин көз алдыбызда ондогон жылдар сарпталып жетишилеген геосаясый баланс урап баратканын көрдүк.

Дүйнөдө саясый стабилдүүлү жакынкы 30 жылда чоң суроо болуп калды. Дипломатиянын ролу, жөн эле бири-бири менен сүйлөшө билүү башаламан болуп, ал өөрчүп жатат.

ТРАНСПОРТ коопсуздугу

Абдан бат жүрүп жаткан урбанизацияга карабастан, ылдам поезддер, Hyper­loop (Илон Маск тарабынан иштелип жаткан ваакумдук поезд долбоору) фантастикалык технологияга карабастан авто унаалар эч кайда жок болбойт. Жакынкы 20-30 жылда алар баары бир жолдордо абдан көп санда болот.

Азыр эми айдоочусу жок унааларды чыгаруу абдан популярдуу болуп жатат. Бирок эми адамдын катышуусу барбы, жокпу иликтөөлөр боюнча дүйнөдө унаалар саны күчөгөн темп менен көбөйө берет.

Кытай сыяктуу өлкөлөрдө орто катмардагы калктын саны өсөт. Бул айлана-чөйрө жана инфраструктура жагынан алганда чоң көйгөй алып келет.

Демек биздин алдыбызда жол коопсузудугун кантип сактайбыз, айлана-чөйрөгө тийген зыяндуу булганычтардан кантип арылабыз деген көйгөй турат.

Кургап бараткан жаратылыш ресурстары

21-кылымдагы технология жана гаджеттер жер алдынан чыккан сейрек компоненттерден турат. Айталы, орточо смартфон 60 ашуун «ингредиенттерден» куралат. Табийгый ресурстар өтө тездик менен азайып баратат.

Маселен, 90 пайыз чейрек кездешүүчү металдар казылып алынган Кытайда 20 жылдан кийин запастар түгөнөт деп эсептелүүдө. Муну алмашыра турган нерсенин өзүн табуу кыйын.

Башка планеталарды колонизация кылуу

Космикалык туризмди сунуштап жаткан компаниялар өздөрүнүн кардарларынын коопсуздугун сактай алышабы?

Биз Стивен Хокинг чакырып жаткандай Марс же ушул сыяктуу башка планеталарды колонизациялоого жол таба алабызбы?

Азырынча космоско учууларды мамлекеттик аэрокосмикалык агенттиктер жана миллиардерлер гана ишке ашыра алышат. Эгер анын колдонулушу дагы ачык болуп калса, жаңы көйгөлөр жаралат. Алар космикалык логистика, космикалык коопсуздук жана космикалык дипломатия.

 

BBC

Tags: геосаясыйдуйнокойгойпланетаэкология

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

Украинский конфликт превратился в орудие уничтожения Европы

10.09.2025
Новости

МВД России сообщило о легализации более 14 тыс граждан Кыргызстана

10.09.2025
Кыргызстан

Джалал-Абад официально переименован в Манас

10.09.2025
Безопасность

Лобовое столкновение под Токмоком унесло жизни пяти человек

10.09.2025
Безопасность

ВСУ начинают подготовку женщин к службе на фоне нехватки личного состава

10.09.2025
Безопасность

МИД Кыргызстана призывает граждан воздержаться от поездок в Непал из-за протестов

10.09.2025
A damaged building, following an Israeli attack on Hamas leaders, according to an Israeli official, in Doha, Qatar, September 9, 2025. REUTERS/Ibraheem Abu Mustafa
Безопасность

Президент США назвал авиаудары Израиля по Катару трагическим, но потенциально полезным для мира

10.09.2025
Безопасность

Сандерс: экстремистское правительство Израиля вышло из-под контроля

10.09.2025
Кыргызстан

Молодежная сборная Кыргызстана вышла в финальную стадию Кубка Азии

10.09.2025
Безопасность

Садыр Жапаров осудил ракетные удары Израиля по Дохе

10.09.2025
Безопасность

Протесты в Непале: демонстранты ворвались в резиденцию президента

10.09.2025
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире