Бишкек—Ташкент каттамындагы автобустарды Казакстанга киргизбей койгон.
Эскерте кетсек, 25-январь күнү Казакстандын аймагында жүрүүгө тыюу салынгандыктан, каттам токтотулган. Кыргызстандын жол жана транспорт министрлиги чечим мыйзамсыз деп жарыялады. Бирок, тараптар бир пикирге келип, каттам өз ишин жандандырууга тийиш.
Бирок, бүгүн казак тарап дагы эле автобосту өткөргөн эмес. Себеби Казакстан аймагы аркылуу эл аралык ташуу үчүн баштапкы уруксаты жок эле. Эреже катары, мындай документтер факс менен жиберилген болчу, бирок бул жолу ал жетиштүү болгон эмес. Казак тарап, автобустарды баштапкы уруксат берүү менее гана өткүзүлөт деп билдирди.