АКШнын Пенсильвания штатындагы Питтсбург шаарында синагогага кол салуудан 11 киши ажал тапты.
27-октябрда «Л’Симха» деп аталган синагогада ишемби күнкү диний жөрөлгөнү жасап жатканда куралчан адам кирип барып ок аткан.
Америкалык маалымат каражаттары кол салууга 46 жаштагы Роберт Бауэрс аттуу киши шектелип жатканын кабарлашты. NBS каналынын маалыматы боюнча кол салууга шектүү AR-15 үлгүсүндөгү мылтык жана төрт тапанча менен куралданган.
“Reuters” агенттиги кылмышка шектүү Бауэрс социалдык тармактардагы баракчасына жөөттөрдүн кайрымдуулук уюмуна каршы пост жазып, аларга каршы чыгууга чакырык таштаганын жазып чыкты.
Буга байланыштуу кол салууну антисемиттик аракет катары бааланууда.
Ишемби күнү АКШнын президенти Дональд Трамп журналисттер менен баарлашуусунда Питтсбургдагы окуя өлкөдөгү курал сатуу мыйзамы менен байланышы жок экенин белгилеп, синагога кайтарууга алынганда мындай каргаша болмок эместигин билдирген.
Бирок кийинчерээк Трамп “бул жапайы кол салуу антисемитизмдин негизинде болушу мүмкүн” деп билдиргенин “Reuters” жазып чыкты.
Азаттык Медиа