Аталган ведомство былтыркы жылдын январь-ноябрь айындагы көрсөткүчтү 2017-жылга салыштырган. Бул учурда орточо жалыйна республикада 5 пайызга, 14 874 сомдон 15 747 сомго өскөн.
Салыштыра келгенде, маалымат жана байланыш тармагындагылардын көбөйгөн кирешеси 14 пайызга өсүп, 31,6 миң сом болгону аныкталган.
Ошондой эле курулуш тармагындагылардын (10пайыз) да тапкан акчасы өсүп, 16,7 миң сомду түзгөн.
Айлыгы чеке жылытпагыдай көбөйгөндөр искусство, көңүл ачуу жана эс алуу тармагында иштеген адамдардыкы болгон. Эгерде сандар менен алсак, 1,9 пайызга өсүп, 8,5 миң сомду түзгөн.
Эң көп айлык финансылык ортомчулук кылгандар менен камсыздандыруу жаатындагылардыкы экени аныкталган. Көбөйгөн пайызы 2,8% анча бийикке чыкпаса да, орточо айлыктын көлөмү 34 миң сомдун тегерегинде.
Сурет: kabar.kg