КТРК каналынын журналисти Жайнагүл Тазабекова жол кырсыгынан каза болгон. Бул тууралуу каналдагы басма сөз кызматы билдирди.
Кырсык Воронсовкадан Бишкекке карай бараткан жолдо болгон. Ал кырсык болгон учурда үй-бүлөсү менен бир унаада кетип бараткан эле. Рулдагы күйөөсү менен баласы аман калган. Ал эми кыз башы менен каты урулуп, жашоо менен коошпогон жаракат алган.
УОБДД Чүй облусунун редакторлору комментарий сурап кайрылган, маалымат азырынча такталып жатат деп түшүндүргөн. Кийинчерээк, милиция маалымат берем деп убада кылган.