Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, бүгүн, Нуран Ниязалиевди, Катар Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотуу жөнүндөгү жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Элчи кызматын, 2015-жылдын, 8-декабрдан бери аркалап келет. Анын аркасы менен, Кыргызстан менен Катардын ортосунда бир кыйла дипломатиялык мамилелерди күчөтүлгөн.
Басма сөз кызматы ошондой эле Ниязалиевди, башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бошотулду, деп билдирди. Мындан тышкары, элчи 5 жылдан ашык өлкөдө болушу мүмкүн эмес, ошондуктан, ал жөн гана Катарда өзүнүн дипломатиялык миссиясын аяктады деп ойлойбуз. Катардын жаңы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси азырынча дайындала элек.