Бишкек шаарындагы, Октябрь райондук соту бүгүн, табып, Хашым Зайналиевдин ишин мыйзамсыз деп таануу үчүн прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырган. Бул тууралуу КРнын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Сот белгилей кеткендей, соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден баштап табыпчылыкка жана медициналык практика, дары сатууга толугу менен тыюу салынат деп белгиледи.
Эске сала кетсек, онкология бөлүмүнө өткөн жылы ноябрда оор абалда жаш кызды алып келишкен, кыздын ата, энеси профессианалдуу дарылоонун ордуна Зайналиевге алып барышкан, ал керектүү дарылоону берген эмес. Натыйжада кыздын оорусу күчөп кеткен.
Жалпысынан алганда, табып жөнүндө арыздар 2016-жылдан баштап келе баштаган. Ал эч кандай тиешелүү санитардык шарттары жок үйгө, бейтаптар кабыл алып келген. Ошондой эле, бейтаптардын арасында набыт болгондор дагы болгон. Милиция ага көп убакытка чейин кылмыш ишин козгой алган эмес, анткени ага карата эч кандай арыз түшкөн эмес.
Сүрөт: ruh.kg