Бүгүн Ички иштер министрлигинин тегерек үстөлүндө жашы жете электердин иштери боюнча инспектору (ИИМ ИДН) Азамат Aбдурахманов Кыргызстанда жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулук көбөйдү деп билдирди.
Aбдырахманов белгилей кеткендей Кыргызстанда болжол менен 3 млн жашы жете элек өспүрүмдөр бар экендигин белгиледи. Бул республиканын жалпы калкынын 37% түзөт.
Ошондой эле, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугу боюнча инспектор акыркы төрт жыл ичинде кайра күчөгөн деп айтылат статистикада. Бирок тынчсызданууга орун жок, укук коргоо органдары бул маселеде иштерди иликтөөдө. Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн кылмыштардын басымдуу бөлүгү Бишкек, Чүй облусу жана Жалал-Абад облустарында байкалган. Көбүнчө өспүрүмдөр уюлдук телефон уурдашат жана ал акчага алкоголдук ичимдиктерге акча коротушат, же ата-энеси аларга сатып алып бере албаган нерселерге коротушат.
Сүрөт: zen.yandex.ru