Кыргыз Республикасынын Президенти кийим фабрикасынын иши менен таанышты. Түштүккө болгон иш сапарынын учурунда президент Сооронбай Жээнбеков, Жалал-Абад шаарындагы «Баяна стил» тигүү фабрикасынын иши менен таанышты.Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Шаардын мэри Мурат Тагаев, компаниянын негиздөөчүсү, Абдибаки Имаров директору Айсулуу Aбжапарова фпбриканын иши жөнүндө маалымат берди.
Фабрика өткөн жылы түзүлгөн, ал эми буга чейин Жалал-Абадда ири ишкана болуп эсептелинет. Өндүрүштүн кубаттуулугу – жылына 10 млн сомду түзөт.
Бир жыл ичинде компания кеңейтүү жана кийимдерди Кыргызстанда гана эмес, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнө да экспортоону пландаштырууда.
Сооронбай Жээнбеков фабриканын имаратына барып, кийимдердин сапатын көрүп келди. Анын айтымында, өкмөт төмөнкү пайыздык коюмдар боюнча кредиттик компаниянын зарыл көлөмүн берүүгө жөндөмү бар, экспортко багытталган «Айыл Банк» менен иштөөнү сунуштаган, ал ошондой эле региондордогу ишканаларды колдоорун айткан.