Без рубрики

Премьер-министр алты райондун акимин кызматынан бошотту

Бүгүн өкмөт башчысы Мухаммедкалый Aбылгазиев алты райондун акимдерин кызматынан ажыраткан жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кызматынан ажыраган акимдер, Тоң, Ак-Суу, Кемин, Аксы, Москва, Токтогул райондору деп айтылат.

Министрдин мындай радикалдуу чечиминин
себеби акимдер кээ бир учурларда пара алуу менен алектенген, , системалуу түрдө мамлекеттин буйругун аткарбай жатат деп баса белгиледи премьер-министр.

Эске сала кетсек, 15-февраль күнү парламенттин жыйынында, биринчи өкмөт башчысынын орун басары Кубатбек Боронов мамлекеттик башкаруу жетекчилерин бир катар эскертип, же мамлекеттик карызды аткара албай калган учурда, кызматынан бошотуу керектигин айткан.

Сүрөт: kp.kg