Россия Федерациясынын Новосибирск облусунда кароосуз калган төрт Кыргызстандык балдар өлкөгө алынып келинди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин пресс-кызматы кабарлады.
6-7 айлык наристелер өлкөгө алынып келингенден кийин балдар үйүнө орноштурулду. Наристелерди алып келүү Россия Федерациясындагы Кыргыз Өкүлчүлүгү, Новосибирск шаарындагы КРнын Вице-консулдугунун, КРнын саламаттык сактоо министрлиги жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрликтеринен ишмердүүлүгүнүн негизинде аткарылган.
Азыркы учурда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери тарабынан кайтарылып келинген балдарды биологиялык ата-энелери менен кошуу иштери жүргүзүлүүдө.
Ведомство билдиргендей, турмуштун ар кандай жагдайынан улам Кыргыз жарандарынын балдары – чет өлкөдө кароосуз калып кетип жатат. Мунун негизги себеби, балдарынан баш тарткан энелер, дайыма жашай турган жери жок, жумуш орду жок, официалдуу үйлөнгөн эмес, же болбосо күтүүсүз кош бойлуу болуп калуу жана наристелердин атасы же энесинин эркиндиги алынып, атайын жайда кармалгандыгы себеп болууда.
Министрликтин маалыматы боюнча, 2011-жылдан бери кароосуз калган 89 наристе өлкөгө кайтарылган. Алардын 10у ушул жылы катталып, 2018 жылы наристелер кайтарылган.
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын жарандыгы» тууралуу Мыйзамында, наристе төрөлгөн учурда, ата-энесинин бири Кыргызстандын жараны болсо, экинчиси башка өлкөнүн жараны же болбосо, жарандыгы жок жаран болсо, белгисиз болсо, наристе кайсыл жерде туулганына карабастан Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелинет.