Эксперт жана, тартип бузуудагы Кодекстердин автору Ирина Летова мас абалында автоунаа айдагандыгы үчүн, айдоочунун күбөлүгү жабыла тургандыгын айтты.
Анын айтымында, жол кыймылынын коопсуздугу (ГУОБДД) башкы башкаруу кызматкерлери эгер айдоочуну мас абалында кармаса, “айдоочулук күбөлүгүн убактылуу трңдуруп” укук бузуучуга карата тиешелүү органдарга билдирүүгө милдеттүү.
Айдоочулук күбөлүктүн “тоңдурулганын” база аркылуу текшерүүгө болот. Айдоочу “тоңдурулган” күбөлүк менен унаа айдап колго түшсө, анда айып да, кулпу мөөнөтү узартылат.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда мас абалында унаа айдагандыгы үчүн 17 500 сом айып каралат, экспертизадан баш тартканы үчүн – 5 500 сом.
Сүрөт: maeve.ru