Мамлекетти өнүктүрүү үчүн чакан, орто, чоң бизнести колдоого алуу керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков аймакты өнүктүрүү боюнча улуттук диалогдун жүрүшүндө билдирди.
Өлкө башчы мамлекеттик кызматкерлерге кайрылып “бизнесмендерге шарт түзгөндү үйрөнгүлө” деп кеңеш берди.
“Чакан бизнести колдоого алыш керек. Себеби чакан бизнес орто бизнеске, орто бизнес чоң бизнеске айланат. Кечирип койгула, ишкерлик уйдай эле, жакшылап жем-чөп менен баксаң, ошончолук сүт берет. Шартты мыкты түзсөңөр жумушчу орундар пайда болот, салык төлөшөт, бюджет көбөйөт. Анын эсебинен мугалим, дарыгерлердин маянасы жогорулайт”, — деди Жээнбеков.
Ал ошондой эле айыл өкмөт, мэрия тарап ишкерлер ишин баштай электе “аны кылып бер, муну кылып бер” деп чоң нерсе үмүт этерин белгилеп, мындай жол менен кете турган болсо, өнүгүү болбой турганын кошумчалады.
Сүрөт: ua.news