Бишкекте соодаланып жаткан бала жаңы төрөлгөн. Ымыркайдын энеси 1998-жылы төрөлгөн. Бул тууралуу, Бишкек шаардык Биринчи Май райондук милициясынын тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Бакыт Назарбеков билдирди.
“Биринчи Май райондук милициясына маалымат түшөөрү менен ыкчам иликтөө иштери башталган. Үч аялдын 31 жаштагысы ымыркайдын энеси, калган экөө төрөт үйүнүн кызматкерлери болуп чыкты”, — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле аялдар бөбөктү 190 миң сомго баалаганы айтылды. Бирок аларга сатып алуучу катары барган адам алдын ала 5 миң сом берген.
Белгилей кетсек, аталган факты боюнча КРдин Жазыктар кодексинин 171-беренеси (“Адам сатуу”) менен кылмыш иши козголгон.