Ташкентте кургак учукту дарылоо менен байланышкан маселелер боюнча сегизинчи аймактык симпозиум болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын “Чек арасыз дарыгерлер” өкүлдөрүнүн бири Сталбек Айылчиев Ош облусунда кургак учукту дарылоо боюнча жаңы түзүлүшү киргизилген – көрмө камералар менен амбулаториялык дарылоо.
Мындай мамиле – амбулаториялык бейтаптар үчүн идеалдуу чечим. Буга чейин, бейтаптар дары-дармек үчүн жакынкы медициналык мекемеге барууга тийиш болчу. Азыр болсо, оорулууга бир жума бою дары берип, мындан сырткары оорулууга смартфон, WhatsApp тиркемеси менен камсыз кылат. Медициналык кызматкер видео чалуу менен оорулуунун абалын билип, дарыларды өз убагында кабыл алып жатканын көзөмөлдөйт.
“Мындай ыкма оорулуу дарыларды сутканын каалаган убагында ичүүнү тандап алат, анткени ыңгайлуу болуп саналат. Ошондой эле, видео-байкоо астында дарылоо дарылануучуну ГСВ / ФАПка барганга күндө шарты жок адамдар үчүн жеткиликтүү кылууга мүмкүнчүлүк берет, деп билдирди Айылчиев.
Ал ошондой эле дарылоонун бул түрү колдонууга абдан жеңил экенин жана анын аркасы менен, оорулуу транспорт жана жолдо көйгөйлөр болбойт деп белгиледи.
Сүрөт: zdorovie.akipress.org