Учурда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда эки күн мурда балык уулоо үчүн чыгып кеткен жубайлар изделип жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ӨКМ маалыматы боюнча
Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, Кызыл-Суу айыл аймагынын Кирпичный айылынын тургундары — 38 жаштагы аялы Ю. Г менен — 40 жаштагы күйөөсү Н. Р 28-февралдан 1-мартка караган түнү көлгө балык улоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз.
“Жоголгон балыкчылардын туугандары алгач эч бир кызматка кабарлабай, өз алдынча издөө ишин жүгүзүшкөн. Айыл өкмөткө 3-мартта билдиришкен. Алар милицияга кабарлашып, алар аркылуу бизге маалымат берилди. Учурда издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн куткаруучулар тартылууда”, — деп билдирди ӨКМ
Анын айтымында, балыкчынын кайыгы 2-мартта Жети-Өгүз районунун Дархан жана Саруу айылдарынын ортосундагы аймакта көлдөн табылган.
Азыркы учурда Каракол шаарынын куткаруучулары менен Жети-Өгүз районунун куткаруучулары жергиликтүү тургундар менен бирге издөө иштерине киришти.
Сүрөт: sputnik.kg