КТРК каналынын Байкоочу Башкармасынын мүчөлөрү дээрлик бир добуштан жаңы жетекчини шайлашты. Ал Үсөн уулу Жайнак болду.
Ага 12 байкоочу мүчөлөрү добуш берди. Анын атаандаштары – Галина Байтерек жана Болотбек Tиллебаевдер бирден гана добушка ээ болушту.
Буга чейин, Үсөн уулу Жайнак НТС телеканалын жетектеген. Ал өзүн жооптуу кызматкер жана чыныгы адис катары көргөзүп келген.