Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын бардык айымдарын 8-март майрамы менен куттуктады.
«Урматтуу, Кыргызстандын айымдары! Мен, чын дилимден, Аялдардын эл аралык күнү 8-март жаркыраган жаз майрамы менен куттуктайм!
Биз сиздердин алдыңыздарда түбөлүк карызбыз, сиздердин мээримиңиздер дүйнөнү сактап, жашообузду шаңга бөлөп, ар кандай кыйынчылыктарга туруштук берүүгө күч берет жана жаңы жетишкендиктерге бизге дем берет. Энелердин назик күлкүсү ар бирибиздин жүрөгүбүздө жана жаныбызды болууга өбөлгө түзөт.
Кыргызстандын Аялдары – сыймык жана элдин баа жеткис мурасы. Сиздер- жөн гана үй бүлөнүн очогу эмес, ошондой эле мамлекеттин жөлөгүсүздөр.
Сиздердин назик колуңуздар менен мамлекеттин өнүгүшүнө жана гүлдөп, күчтүү болууга түрткү берип, биздин өлкөнүн күчүн бекемдеп, жана акылмандык менен туруктуулук, өлкөдөгү тынчтыкты сактап калууга биздин элдин биримдигине өбөлгө түзөт.
Мамлекет биринчи кезекте өз ыйгарым укуктарын толук жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон шарттарды, эненин жана баланын ден соолугу үчүн, аялдардын коомдогу ролун жана статусун жогорулатуу, алардын мыйзамдуу укуктарын коргоо жана колдоо болушу керек.
Урматтуу биздин айымдар! Сиздерге чын дилимден бекем ден соолук, бакыт-таалай, бейпилдик жана гүлдөп өнүгүүнү каалаймын. Майрамыңыздар менен!»
Сүрөт: for.kg