Жаза мөөнөтүн өтөп жаткан экс-депутат Садыр Жапаровдун энеси каза болгондугуна байланыштуу бошотулган. Бул тууралуу басма сөзгө жергиликтүү тургундар билдирди.
Аны эки кароолчу коштоп келгендигин белгилей кетүү керек. Акыркы сапарга узатууда мурдагы жана азыркы депутаттар Камчыбек Ташиев, Талант Мамытовдор катышты.
Эске сала кетсек, Жапаров 2013-жылы Каракол шаарындагы митинг уюштурууга жардам көрсөткөндүгү үчүн 11 жыл, 6 айга чейин эркинен ажыратылган. Мурдагы депутат барымтага алуу менен Кылмыш-жаза кодексинин УК КР 227-беренесине ылайык соттолгон.
Сүрөт: 24.kg