Бишкек – Ош жолунун 584-чакырымында, 11-март күнү болгон. Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн аймагында жүк ташып бараткан фура жолдон чыгып жардан кулап, айдоочусу аман калды. Бул тууралуу облустук жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн өкүлдөрү кабарлашкан.
“Баткен районунун 31 жаштагы тургуну, өзүнө таандык ДАФ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы менен келе жатып, унаанын тормозу иштебей калып 30 метрдей аралыктагы сайга кулап түшкөн. Унаа жараксыз абалга келип, айдоочу Жалал-Абад шаардык ооруканасына жеткирилген. Учурда анын абалы канааттандыраарлык”, – деди милициядан.
Ал унаада 20 тоннага жакын кургатылган жер-жемиш болгондугун кошумчалады. Учурда кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.