Ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы Ныязалы атындагы музыкалык окуу жайга жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Өткөн жылы Каримова Сулайман-Тоо музейине директор болуп дайындалган. Бирок коомдогу чоң талкуудан кийин кызматтан баш тарткан.
Самара Каримова 1991-жылы 10-апрелде Лейлек районунун Өзгөрүш айылында туулган. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин актёрдук бөлүмүндө 2 жыл окуп, турмушка чыкканына байланыштуу Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен ырчы 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алган.