Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга парламент өзүн-өзү таратпаса, ачкачылык жарыялап же иш таштай турганын билдирди.
Мындай маалыматты монголиялык телеканалдарга таянып “Bloomberg” агенттиги кабарлады.
Президенттин пикири боюнча азыркы учурдагы Монголиянын парламентти экономикалык каатчылыкка каршы турууга “жөндөмсүз” деп сындаган. Президент Эл аралык валюта фондунан жардам сурап, иштеп жүргөндө өкмөт ага эч кандай колдоо көрсөтпөгөнүн айткан.
“Bloomberg” билдиргендей, Монголияда Баттулганын мындай аракети 2020-жылга белгиленген парламенттик шайлоонун алдындагы “саясий жүрүш” катары бааланууда. Президент жетектеген Демократиялык партия парламентте көпчүлүк орунга ээ болууну көздөп жатат. Учурда ал мандаттардын 25 пайызына ээ. Калган мандаттар башкаруучу Монгол элдик партиясына таандык. Жергиликтүү эксперттер президент мындан тышкары өз администрациясы үчүн көбүрөөк ыйгарым укук алууга аракет кылып жатканын божомолдоодо.
Ошентип Баттулга “2016-жылдагы шайлоо алдында берген убадалар аткарылбады жана мыйзам бузган” деген негизде парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатууну сунуштаган.
Булак: “Азаттык”