Ушул жылдын 14-октябрында Улуттук коопсуздук кызматы контртеррористтик иш-чара өткөрүп натыйжасында, Бишкек шаарынын тургуну, Кыргыз Республикасынын жараны, 1990-ж. туулган, эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү деп шектелген О.У. кармалды. Текшерүү учурунда А.Р. аттуу адамга тиешелүү, буга чейин Сирияда согуш аракетинде катышып жүргөн эл аралык терористик уюмга мүчө жаранга таандык жасалма паспорт алынган.
Кармалган адам Сирияда согушкерлерге ар кандай көмөк көрсөтүп, финансылык колдоо кылып, атайын жашыруун ячейкалардын катарында турган. Алдын ала маалыматтар боюнча О.У. 100 миң АКШ долларын Сириядагы согушкерлерин каржылоо максатында жөнөткөн.
Ушул себептен улам, кармалган жаранга учурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 226-1 беренеси (Террорчулук ишти финансылоо), 299-1 беренеси (Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга багытталган уюшкан иш-аракет) жана 350-беренеси (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда О.У. КР УКМК тергөө камак жайында кармалып сурак берүүдө.