«Урматтуу мекендештер!
Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм!
Нооруз – жаз майрамы, жаңылануу, өзгөрүү, жана жаңы күн. Өз ара түшүнүү, биримдик жана ынтымак майрамы.
Кылымдар бою, биздин эл бул майрамды, жаңы жылдын башталышы деп кабыл алып келген. Элибиздин жүрөгү кубанычка жана бакытка толот.
Биз ата-бабаларыбыздын ушул баа жеткис мурасын сактап, байытып, келечектеги муундарга өткөрүп берүүбүз шарт.
Бүгүнкү күндө ар бир үйдө конок тосуп, сүмөлөк даярдалат. Майрам улуттук оюндар, жана ыр бийлер менен коштолот. Дыйкандар эгин себүү үчүн өздөрүнүн үрөнүн даярдашат.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Нооруз майрамы биздин үйүбүзгө, жылуулук, бейпилдик жана кубаныч, бакыт алып келсин!
Сиздерге бекем ден соолук, ийгилик каалайм!
Кудай буюрса биздин өлкө, гүлдөп, өнүксүн — сүйүктүү Кыргызстан», — деди мамлекет башчы.