Бүгүн, Баткен облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, Ак-Сай жана Ак-Татыр айыл жашоочулары менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө, тургундар ичилүүчү жана сугат суу жана электр өткөрүп берүүнү суранышты. Жашоочулар, Үч-Дөбө айылына мектеп куруп берүүнү талап кылышкан. Ошондой эле чек арадагы кырдаалды жөнгө салууга жана чек ара айылдарында жашаган калк үчүн жумушчу орундарын камсыз кылууну талап кылышууда.
Эске сала кетсек, 13-14-мартта Баткен облусунда, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, Ак-Сай— Тамдык жолунун курулушунан улам чыр чыккан. Чек арадагы айылдардын жашоочулары бири-бирине таштар менен урушкан. Эки өлкөнүн чек ара кызматкерлери элди таратыш үчүн курал колдонууга аргасыз болгон.
Учурда абал толугу менен турукташкан. Тажикстандагы анклав өткөн Ворух районунда Ош — Исфана жолу кайра ачылган.
Сүрөт: 24.kg