Ысык-Көл облусунун Тон районунда бүгүн, Дастан Али Шаршеевдин кубогуна турнир аягына чыкты. Волейбол жана футболдун күйөрмандары майданда чогулушту. Бул тууралуу дүйнө чемпиону Дастан Шаршеев билдирди.
Ал ошондой эле айтып өткөндөй, биринчилик үчүн бардык облустардан 38 команда ат салышып, футбол боюнча турнирде Төрт-Көл айылынын оюнчулары жеңип алган. А волейбол боюнча турнирде Бөкөнбаев айылынын оюнчулары жеңип алышкан.
«K-Лига колдоосу тарабынан конкурс болуп өттү. К- 1 Promax, өткөн айда кикбоксинг боюнча биринчиликтин курун алып, дүйнөнүн чемпиону болгон. Негизги максаты спорт жана сергек жашоо образын жайылтуу болгон. Катышуучулар зор каалоо менен ойношту жана канааттанып кетишти» , — деп билдирди Дастан Шаршеев.
Сүрөт: 24.kg