Баткен облусунда күйөсү аялынын жоолук (хиджап) кийбегендиги үчүн кодулай берип, акыры аялы чыдабай өз өмүрүнө өзү кол салган. Кордук көрсөткөн күйө 5 жылга эркинен ажыратылган. Мындай чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сайтында жарыяланган.
Укук коргоо кызматкерлери кабарлагандай Кадамжай районунун жашоочусу Адолат жергиликтүү ооруканага, уксус ичип алгандан кийин келип түшкөн. Ден соолугуна оор залал келгендиктен келин каза болуп калган.
Милициянын изилдөөсү боюнча – Адолатты өмүрүнө кол салуусуна күйөсү Мажид себеп болгон. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча күйөсү Адолатты, дайыма сабап, басынтып, кордоп, бардык нерседен чектеп койгон. Адолат үйдөн чыгууга жана телефон колдонууга укугу жок болчу. Мунун баарына Адолат чыдабай калган.
Соттук териштирүү учурунда Мажид өз күнөөсүн мойнуна алган жок. Анын айтуусу боюнча, аялы кадимкисиндей эле ашканада өз иштери менен алек болуп аткан. Ал газ менен иштеген конфорканы күйгүзүп, ширенкени өчүрбөстөн чакага таштаган. Муну байкап калган кайын энеси келиндин мындай кылбоосун, үйдү өрт чалуусу мүмкүн экендигин билдирген. Адолат буга эч нерсе деген эмес.
“Тойдум баарына”
Мажидтин айтуусу боюнча, аялы андан кийин казан жууга киришкен, казанды жууп бүтүп, раковинага төккөн. Тамактын калдыктарын сыртка төгүү керек, болбосо раковина толуп калуусун эскерткен кайненесине, келин эч нерсе деген эмес.
Ошондон кийин «Тойдум баарына» деген бойдон келин бөлмөдөн эшикти тарс жаап чыгып кеткен. Андан кийин келин Мажидке келип, бул үйгө мындан ары чыдай албасын, үйүнө жеткирүүсүн өтүнгөн.
«Мен буга каршы болдум. Буга жооп кылып аялым ажырашамын деди. Мен анда туугандарынды чакырып кел дедим. Ошондон кийин Адолат башка бөлмгөгө кирип кеткен. Мындан кийин апам, балдарга тамак берүүсүн өтүнгөн. Адолат буга макул болбой уруш чыгарган. Мен анын ийинден кармап түртүп жибердим. Ал жерге отуруп калды. Апам бөлмөдөн чыгып кетти», — деди Маджит.
Ушул чырдан кийин ал Адолатты туугандарына 3-4 күндөн кийин жеткирээрин айткан.
«Мен сыналгы көрүп отургам бир убакта ваннадан катуу үндү уктум. Кирип барсам аялым эстен танып жатыптыр. Кирип көтөрүп чыгайын дегенде уксустун жытын сездим. Ага суу берип, кустурайын дедим, бирок болгон жок. Апам тез жардам чакырды, бирок алар келген жок. Иним экөбүз Адолатты өзүбүз ооруканага алып бардык. Ооруканадан Адолат көз жумду», — деп маалымдаган Маджит.
Анын айтуусу боюнча, ал эч качан аялын сабаган эмес, тескерисинче аны аябай сыйлап мамиле кылган. Ал эми телефонду болсо, 6-7 ай мурун кайын апасынын уруксааты менен алып койгон.
Каза болгондон келиндин апасынын айтуусу боюнча, Мажит менен Адолат экөө 2014-жылы үйлөнүшкөн. Кызы дайыма кайын энеси күйөсүн өзүнө каршы кылып, дайыма сабатып турган. Бир жолу Адолат үйүнө кетип калайын дегенде Мажит аны токтотуп, экинчи сабабай турганын айтып алып кеткен.
«Мен алардын үйүнө келгенде Маджиттин туугандары Адолат орустар менен сүйлөшүп чарба иштерин жасай турганын айтышчу. Кызымдын сөзү боюнча, ал орустар кошуналар болгонун, алар менен жөн гана учурушканын айткан. Менин оюмча, кайын энеси менен күйө балам кызымды өлүмгө мажбур кылышты. Кызым тирүү кезинде, ооруканада мага алар сабашканын айтып, көк тактарды көрсөткөн», – деп белгилеген кыздын апасы.
Иштин жыйынтыгында Маджит «өлүмгө дуушар кылган» деген берене менен беш жылга эркинен ажыратылды.