Бул туурасында, Эл аралык Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов кабарлады. Эми Сауд Аравиянын жарандары Кыргызстанга келип, көк бөрү оюнун үйрөнө алышат.
Белгилей кетсек, Эр-Рияд шаарында өткөн Сamel Fest фестивалында Кыргызстандан барган 50 улакчы беш командага бөлүнүп, көргөзмө оюн тартуулашкан. Ал жакта көк бөрү талаасы курулуп, тай казан орнотулган.
“Буга чейин эл аралык эреже кандай болсо, ошонун негизинде атайын тай казан орнотуп, текелерди алдыртып оюн өткөрдүк. Башында аттар көнбөй, бир аз кыйынчылык жаратты. Акыры улакчыларыбыз аларды тай казанга келип токтой турган кылып көк бөрүгө даярдап койду. Сауд Аравиянын ат оюндар боюнча федерациясынын президенти менен жолугушуу өткөрүп, аны Кыргызстанга чакырдык. Натыйжада арабдар кыргыздардын чыныгы аттар менен ойногон көк бөрүсүн көрүп, үйрөнө турган болду”, — деди Саматов.
Мындан сырткары, Саматов көк бөрүгө кызыккан тараптарды өз өлкөсүндө Көк бөрү федерациясын түзүүгө сунуш беришкенин кошумчалады.
Эске сала кетсек, эл аралык этнофестиваль “Аалам көчмөндөрү”, Camel Fest рамкасында 9-23-мартка чейин, Эр-Рияд шаарында болуп өттү, иш-чарага Кыргызстандан 2 миңдей жаран катышкан.
Сүрөт: m.ru.sputnik.kg