Экс-президент Алмазбек Атамбаевтин пресс-конференциясы өткөрүлбөйт. Бул тууралуу VB.KG сайтына КСДПнын жоопту өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирген.
Анын айтымы боюнча, мындай иш-чараны өткөрүү пландалган эмес.
«Алмазбек Атамбаев пресс-конференция бербейт. Иш-чара пландалган дагы эмес. Ирина Юрьевна бир аз башкача түшүнүп алса керек», — деди Кундуз Жолдубаева.
Бул тууралуу Ирина Карамушкина өзүнүн фейсбук баракчасына да билдирүү таратты.
“Урматтуу журналистер, өзүмдүн берген интерьвюма толуктоо киргизем! Күнүмдүк пландалган иш-чаралардын баары өз убактысында боло берет. Бирок, пресс-конференция өткөрүлбөйт. Мен бир аз кызууланып кетиптирмин, кечиресиздер“, – деп белгилеген Карамушкина.
Эске сала кетсек, ЖКнын депутаты Ирина Карамушкина журналистерге КСДП партиясы пресс-конференция берип анда Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөөрүн айткан.