Бишкек шаарынын Абдрахманов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде «Лексус 470» унаасы 3 башка унааны сүзүп кетти. Окуя бүгүн, 1-ноябрь күнү саат 10:20 чамасында болгонун Бишкек шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Аталган унаа жол жээгинде токтоп турган «Хендай», «Дайхацу» жана «Тойотаны» сүзүп, ал эми айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Жол кырсыктан адамдар жабыркаган жок. Учурда «Лексустун» айдоочусу изделип жатат.