Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы бүгүн, 2-ноябрда Жалал-Абад шаарында көчмө жыйын өткөрөт.
Фракциянын катчылыгы билдиргендей, жыйын саат 15.00дө өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратында болот.
Анда “Кыргызстанда сүткорлукту чектөө жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы, “Маданият-Жалал-Абад” жолунун курулушу, “Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругунун иши талкууланат.
Булак: Азаттык Медиа