Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Казакстандын Астана шаарына барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты билдирди.
КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны тар жана кеңейтилген чөйрөдө өтөт. Анын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлушу мүмкүн.
Мындан тышкары Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушуусу күтүлүүдө.