Россия Федерациясынын өкмөт башчысы Дмитрий Медведевдин Астанадагы өтүп жаткан КМШ өкмөт башчыларынын кеӊешине тагып келген галстугу талкууга түштү. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып, Дмитрий мырзанын галстугу оозго алынууда.
Өкмөт бышчылардын сүрөткө түшүү расмий мүнөттөрүндө Медведевдин галстугу өзгөчөлөнүп турганын журналистердин назарына түшкөн. Алсак Медведев таккан галстукта перонун сүрөтү бар экендиги бажырайып байкалып турат.
Эске сала кетсек, Дмитрий Медведев өзүнүн интерактивдүү экенин дагы бир жолу далилдеди. Ал расмий түшкөн сүрөттөрдө акырын атайын эрежени бузуп жымыйып сүрөткө түшүп койсо, буга чейин дагы расмий жолугушуу учурунда тынымсыз планшетин карай бергенин чет өлкөлүк басылмалар жазып чыккан эле.
Дегенибиз менен Дмитрий Медведев чындыгында расмий жолугушууларда өзүн өзгөчө алып жүргөн кыйын, эл аралык талапка жооп берген саясатчылардын бири. Ал өзүн расмий жолугушууларда космосто учуп жүргөндөй эркин сезет жана токойдогу жалгыз карышкырдай…
Булак: NazarNews.kg