Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргыз Республикасынын 66 ишканасы Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнө өз продукцияларын экспорттоого мүмкүндүгү бар ишканалардын Реестрине киргизилген.
Республиканын Евразия экономикалык бирлигине кошулуусунун аркасында бажы посттору, өткөрүү пункттары жабдылган, ЕАЭБ экономикалык бирдиктүү реестрине киргизүү үчүн Кыргызстандын лабораториялары жана тастыктоо боюнча органдар жабдылган. Ошондой эле ЕАЭБ талаптарына ылайык чек аралык ветеринардык жана фитосанитардык постторду модернизациялоо ишке ашырылды.
Азыркы учурда Кыргызстандын 38 аккредитацияланган лабораториясы жана сертификациялоого ылайык 16 органы ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине киргизилген. Бул мекемелер тиешелүү документтерди беришет жана бул документтер ЕАЭБтин бардык аймагында бирдей өлчөмдө таанылат.
Өткөн жылдын 1-январына карата өлкөнүн аймагында Бажы биримдигинин (ЕАЭБ) 45 техникалык регламенттери толугу менен күчүнө кирген.
2018-жылы «Манас», «Ош», «Торугарт», «Иркештам» (4,5 миллион доллар) жана жети ветеринардык-текшерүү пункттары «Торугарт», «Иркештам», «Достук», «Кызыл Бел», «Кара-Суу» өткөрмө пункттарынын, «Манас» жана «Ош» аэропортторунун автомобиль жана темир жол өтмөктөрүнүн ондоо баскычында төрт пункту жабдылды. Кошумча түрдө сегиз өткөрүү пунктун куруу жана мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жабдуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: yenicag.ru