Айыл чарба продукциясын жөнөкөйлөтүп ташууга арналган Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы “жашыл коридор” долбоору эч кандай натыйжа берген жок. Бул туурасында «Кыргызстан — КЭР СУАР» координациялык тобунун онунчу отурумунда экономика министри Олег Панкратов билдирди.
Министрдин айтымында, биргелешкен аракеттердин жардамы менен татыктуу долбоорду ишке ашырууга болот, Бирок Кытай тараптан жетиштүү кайтарымы жок. Кытай министри ЭЭА «Нарын» аймагындагы Индустриалдык-соода-логистикалык комплекстин курулуш долбоорун карап көрүүнү сунуштады.
«Кыргызстан жакшы экспорттук потенциалы мындай секторунда да, айыл чарба продукциялары (эт, КРС, сүт продукциясы, быштак, жашылча жемиштер, жаңгактар, бал, буурчак) жана Кытай рыногуна сапаттуу, экологиялык азык жеткирет. Белгилүү болгондой, Кытай керектөөчүлөрүнүн дени сак жана сапаттуу тамак-ашка болгон суроо-талаптары өсүүдө. Буга байланыштуу бул багыттагы кызматташуу эки тарап үчүн өз — ара пайдалуу болушу мүмкүн деп эсептейбиз», – деп баса белгиледи Олег Панкратов.
Сүрөт: rus.azzatyk.org