Кыргызстандын парламенти тарабынан сунушталган “Шериктештиктин балдары” долбоору КМШ өлкөлөрүнүн мейкиндиктерине абдан жакшы орун алган. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко Санкт-Петербургдагы басма сөз жыйынында билдирди жана бул тууралуу бир нече жолу орус ММКлары жазышкан.
Эскерте кетсек, “Шериктештик балдары” долбоорунун алкагында Ысык-Көлдө коомчулуктун бардык булуң-бурчунан балдар форумун чогултууда.
«Мен форумга катыштым, абдан натыйжалуу форма. Биз ойлонуп көрөбүз, балким мындай аянтчаларды КМШ өлкөлөрүнүн ичинде кезек менен башка өлкөлөргө да тургузабыз»,— деп белгиледи Валентина Матвиенко.
«Саясатчылардын азыркы муунуна биздин достук, бир туугандык, жалпы тарых жана салт — санаабызды КМШ жаштарына өткөрүп берүү — чоң жоопкерчилик жүктөлөт», – деп баса белгиледи Федерация кеңешинин башчысы.
Сүрөт: argumenti.ru