АКШдан келген 48 ыктыярчы алгач Сокулук районунда эки ай жашап, кыргыздын тилин, маданиятын үйрөнүштү.
Эми Чүй, талас, Нарын, Жалал-Абаддын алыскы айылдарына барышып, эки жылдын ичинде окуучуларга англис тилин үйрөтүп, чет тилден сабак берген мугалимдердин деңгээлин жогорулатууга салым кошушат.
Алар Тынчтык корпусу менен Билим берүү министрлигинин чет тил мугалимдеринин деңгээлин жогорулатуу максатында түзүлгөн келишимдин негизинде келишти. Эми алар алыскы аймактарга сапар тартышат.
Булак: NazarNews.kg