Ош шаарында 22-апрелде Кыргызстан Президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда “Санариптик Кыргызстан: аймактарды өнүктүрүү” Биринчи Телекоммуникациялык форум болуп өттү. Бул тууралуу президенттин басма-сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага ар кайсы мамлекеттик органдардын, депутаттык корпустун, бизнес-коомчулуктун, электр байланыш операторлорунун, коомдук бирикмелердин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.
Бардыгы болуп форумда 500дөн ашуун адам катышты.
Президенттин айтымында Кыргызстандын жарымынан ашыгы интернет тармагын пайдаланат. Өкмөткө 1-июнга чейин 2019-жылы мектеп түйүнүнө кошуу тапшырмасы берилди.
«Өлкөнүн бир да аймагы байланышсыз калбашы керек. Болбосо санариптик Кыргызстанды куруу мүмкүн эмес. «Түндүк» тутуму аркылуу керексиз жол — жоболорду жана маалымкаттарды жоюуну талап кылып жатам, – деди Сооронбай Жээнбеков.
Ал ошондой эле мамлекетте жакында жаңы экономикалык кластерлер пайда болот деп кошумчалады.
Өлкөнүн лидери Архитектура, курулуш жана турак жай боюнча мамлекеттик агенттигине 2019-жылдын 1-ноябрына чейин курулуш жана архитектура тармагындагы «бирдиктүү терезени» ишке киргизүү боюнча тапшырма берди.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги 1-июлга чейинки мөөнөттө «Электрондук нотариат» долбоорун киргизет.
Жолугушуунун жүрүшүндө иш чаранын катышуучулары санариптик кайра түзүүлөргө карата мамлекеттик программаларды жана реформаларды жүзөгө ашыруу процесси менен таанышышты.
Ошондой эле форумдун алкагында мамлекеттеги санариптик экономиканы өнүктүрүүнүн негизи болгон байланыш сыяктуу иш аракеттердин актуалдуу проблемалары жана аны өнүктүрүү келечеги каралды.
Мындан тышкары, иш-чаранын катышуучулары чет өлкөлүк жана ата мекендик телекоммуникациялык рыноктор анализделген, ошондой эле республиканын аймактарын санариптештирүүнүн жүрүшүндө электр байланыш операторлорунун иш тажрыйбасы болгон.