Бишкектин Алматы жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Ассорти” деп аталган кафе күйүп жатат. Өрт кырсыгына күбө болгон окурмандын айтымында, тилсиз жоо саат 17:50 чамасында чыкты. Окурман аталган кафенин ачылганына болгону эки гана күн болгонун белгиледи.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган дарекке өрт өчүрүү унаасы жөнөп кетип, учурда жеринде иштеп жатканын кабарлады.