“Казтрансгаз” менен “ПетроЧайна” компаниясы жаңы келишимге кол койду. Ага ылайык Кытайга азыркы 5 миллион куб метр газдын ордуна 10 миллион куб метр газ сатылат. Бээжин учурда табигый энергия ресурстарын кенен сатып алчу өнөктөштөрдү издөөдө. Кытайга үзгүлтүксүз газ экспорттоо Бейнеу-Бозой-Шымкент газ кууру курулгандан кийин ишке ашууда.
2019-жылдан тарта Казакстан Кытайга газдын экспортун эки эсе көбөйтөрүн “Asian Nikkei Review” басылмасы кабарлады.
Бул стратегиялык куур Түркмөнстандын жана Өзбекстандын аймагы аркылуу өтүп, газдын экспорту 19 миллион кубметрге чейин жеткен. Жакынкы жылдары бул көрсөткүч 55 миллион кубметрге чыгары божомолдонуп жатат.
Дүйнөлүк энергия уюмунун статистикалык эсептөөсүнө караганда, Казакстан газ өндүрүүнү 2018-жылы 19 пайызга көбөйткөн. Мурда Кытайга газ экспорттоо куурлардын начар сапатынан улам аксап келгенин белгилейт жапониялык журнал. Эксперттер ошондой эле жакынкы келечекте казак газы Европага жетет деп болжолдоодо.