Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма-сөз кызматы билдирет.
Президент Кыргызстандын бардык жашоочуларын Конституциянын күнү менен куттуктады. Жээнбеков ошондой эле Кыргызстандын Конституциялык палатасы республикада туруктуулукту камсыздоодо маанилүү ролдордун бири экендигин баса белгиледи.
“Биздин максат — жоголуп, эки революцияга алып келген, элдин мамлекеттик бийликке болгон ишенимин кайтарып берүү. Мындай окуялар кайтпай калышы үчүн биз ачык бийлик системасын, адам укуктары сакталган таза коомду куруубуз керек. Ар-бир адам өзүн — өзү алып, чынчыл иштин үлгүсүн көрсөтүшү керек”, – деп белгиледи президент.
Президент ошондой эле сот системасы мамлекеттик системалардын арасында өзгөчө орунду ээлейт жана туруктуулук кепилдиги катары чыгууга жана өз ишмердүүлүгүн саясатташтырбоого арналган деп кошумчалады.
Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров, судьялар Эмиль Осконбаев жана Курмантай Абдиев мамлекет башчысын өз иши жөнүндө, ошондой эле сот палатасынын иши, чечимдери жана милдеттери тууралуу маалымат беришти.
Конституция Күнү менен куттуктоо катары Жээнбеков судьяларга Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын жыйнагын тапшырды.
Сүрөт: m.ru.sputnik.kg