4-майда Токмок шаарында балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн социалдык борбор салтанаттуу түрдө ачылды.
Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай коомунун маалыматы боюнча, жыл сайын республиканын балдар үйлөрүнөн 400дөн 500 адамга чейин уландар жана кыздар чыгарылат. Алардын жашы 15тен 17 жашка чейинкини түзөт. Бул балдар колдоо жана камсыздоосуна муктаж.
Балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн көпчүлүгүнүн турак жайлары жок, алар коомго аралашып кетүү, өз өмүрү үчүн жоопкерчилик алуу өтө кыйын.
Үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай филиалынын базасында балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн социалдык борбордун түзүлүшүнө жаңы имарат курулган.
Ошентип, бүтүрүүчүлөр убактылуу турак жай менен камсыз болушат, ал эми Борбордун жумушчулары балдарга зарыл болгон жаңы билим алууга жардам беришет.
Бул борбор жеке кайрымдуулуктардын негизинде пайда болду. Аталган акча каражатына Токмок шаарынын борборундагы үй курулуштар сатылып алынган. Андан кийин ал жерге оңдоп, түзөтүү иштери жүргүзүлүп, керектүү эмеректер сатылып алынды.
Социалдык борбордо уктоочу бөлмө, жалпы зал, ашкана жана жуунуучу кана бар. Интернет, тел, ж.б. бар. Бул борбор балдар үйү жана интернаттардын 15 бүтүрүүчүсүнө эсептелген.
Балдар менен Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай Коому, мугалимдери, психологдору жана волонтерлору алектенет.
Мындан тышкары, улан, кыздардын волонтерлор менен бирге жалгыз бой карыяларга, майыптарга ошондой эле жашоодо оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жардам берүүгө мүмкүнчүк пайда болот.