“The Insider” басылмасынын шеф-редактору Роман Доброхотов кыргыз журналисттерине иликтөө жанрынын күнгөй-тескейин үйрөтөт. Адисти Журналисттик иликтөөлөр фонду “Интерньюс” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосунда чакырууда.
Доброхотовдун сабагы 13-ноябрда Бишкекте “Интерньюс” жайгашкан имаратта өтөт. Кирүү акысыз. Каалоочулар төмөнкү электрондук даректерге кат жазып, маалымат алса болот:
[email protected], [email protected]
35 жаштагы Роман Доброхотов Москвада төрөлгөн. Бир канча абройлуу басылмаларда иштеген. 2013-жылы “The Insider” басылмасын негиздеп, шеф-редактору болуп иштеп келүүдө. Бул басылма 2017-жылы Европа Кеңешинин “Инновация” сыйлыгына татыган.