Эске салсак, кечээ Жалал-Абад шаарынын мунай базасындагы өрт болгон. Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри жана экс-депутат Камчыбек Ташиев мунай базадагы өрт боюнча аткарып жаткан иштери үчүн өрт кызматтарына ыраазычылык билдирди. Эске салсак, мунай базанын бирге түзүүчүсү анын бир тууганы Казыбек болуп эсептелет. Ташиев ошондой эле өзгөчө кооптуу ишт үчүн ӨКМ кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.
“Силер менен бирге бир күч катары иштедик. Эгер мындан ары карай дагы ушундай кызмат кыла турган болсоңуздар сиздерде чоң келечек бар. Ата-энеңизге, үй-бүлөңүздөргө жана командирлерге рахмат. Сиз жетекчилерге, министрлерге чейин барып, мендей, генерал болууңуздарды каалайм. Мен көрдүм, постту кармап өрттү өчүрүп жаттыңар. Кудай буюрса ар бириңизди ифтарга чакырам. Рахмат силерге!”- деп Ташиев ыраазычылык билдирди.
Эскерте кетсек, өрт болгон мунай базада кечээ болжол менен саат 10:00 өрт чыккан, башында окуя болгон жерде иштеген төрт өрт өчүрүүчү машиналар, андан кийин — жети. ӨКМ кызматкерлери билдиргендей, 17:25 өрт өчүрүлдү.
Сүрөт: ru.sputnik.kg