Парламентте шайлоо кампаниясын өткөрүү учурунда шайлоо күрөөсүнүн эсебинен жеке ЖМКларга үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн акы төлөөсү керек деген сунуш киргизилди. Мындай идея «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга киргизилген түзөтүүлөрдө баса белгиленет.
Ал эми элдин дагы бир жолку депутаты Бакыт Төрөбаев белгилегендей, саясий партиялардын шайлоо күрөөсүнүн суммасы 100 миң сомду, ал эми президенттикке талапкерлер үчүн күрөө 5 миллион сомду түзөт. Төрөбаев бул акчаларды жеке ЖМКларда үгүттөөгө кеткен зарыл болгон чыгымдардын ордун толтуруу үчүн жетиштүү деп эсептейт.
Мезгилдүү жана интернет-ресурстардагы эфирдик убакыт жана берилүүчү аянт талапкерлердин ортосунда бирдей бөлүштүрүлөт. Ошондой эле жарыш жеңүүчүлөр күрөө кайтарылып берилбей тургандыгы да белгиленген.
Демилгечилер шайлоо алдындагы күрөөсүн азайтуунун кажети жок деп эсептешет.
Сүрөт: barometr.kg