«Азаттык радиосунун» аймактык кабарчысынын маалыматы боюнча, Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун отузга жакын тургуну «Ак-Суу Кенч» эс алуу борборуна келишти.
Алар эс алуу борборун жабууну талап кылышууда. Тургундар бассейндерден Ак-Суу дарыясына келүүчү суу аны булгайт деп айтышууда.
Мындан тышкары бул жайдын аймагында мыйзамсыз курулуш иштери жүргүзүлүүдө.
Адегенде эс алуу борбордун мыйзамдуулугун текшерүү максатында райондук комиссия топтолгон, алар акимиаттын өкүлдөрү, мамэкотехинспекция, ӨКМ жана Санэпидемстанции.
Мекеменин жетекчилиги көлмөнүн суу дарыясына кошулбайт, деп эсептешет. Алардын оюу боюнча мындай аракеттерге жергиликтүү бийлик ишкердик жүргүзүүгө тоскоолдук жаратат.
Белгилей кетсек, «Ак-Суу Кенч» эс алуу борбору Каракол шаарынан болжол менен 18 километр алыстыкта Теплоключенка калктуу конушунда жайгашкан.
Эс алуу борборунун аймагындагы туристтик интернет-ресурстардын маалыматына ылайык төрт бассейн бар. Конокторго ден соолугун жакшыртуу үчүн, ысык булактарга түшүүнү сунуш кылышат.