Венгрия Кыргыз Республикасына жеңилдетилген кредит катары 50 млн евро берүүнү пландаштырууда. Бул кабарды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Улан Дыйканбаев таркаткан.
Дыйканбаевдин айтымында, бул Макулдашууга Венгриянын борбору Будапешт республиканын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун расмий иш сапарынын жүрүшүндө жетишилди. Бирок, бул келишим боюнча Улан Дыйканбаев толук маалымат берген жок
Басма-сөз катчы белгилеп өткөндөй, республиканын ТИМ башчысы тарабынан ар кандай деңгээлдерде, тактап айтканда, Венгрия ишкерлери менен өткөн 9 жолугушуу Будапештте өткөндүгүн белгиледи. Айдарбеков аларды өз-ара аракеттешүүнү сунуш кылган.
Ошондой эле министрдин 1-3-майда Будапештте иш сапарынын алкагында Кыргызстандын борборунда Венгрия дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачуу тууралуу сүйлөшүүлөргө жетишилди.
Андан сырткары ТИМ жетекчиси Венгрияда жана Австрияда жашап жаткан мекендештер менен маектешти.
Ошондой эле, Кыргызстанга 2020-жылы Венгриянын Улуттук жыйынынын спикеринин иш сапары пландалууда.