Экономика министринин орун басары Дастан Кадыров Кыргызстандын аймагында мүлктү жана жарандардын кирешесин легалдаштыруу боюнча кампанияны ишке ашыруу пландаштырылууда.
Кадыров белгилегендей, буга чейин мындай акция 2013-жылы жүргүзүлгөн. Ошондой эле ал аталган акциянын максаты жарандардын мүлкүн жана кирешелерин мыйзамдуу жүгүртүүгө тартуу болуп саналаарын билдирди.
Экономика министринин орун басары акция учурунда жарандар менен бизнесмендер эгер алардын мүлкүнүн суммасы 70 миллион сомдон ашпаса, салыктарды төлөбөөгө укугу бар экенин билдирди. Эгерде, жогоруда көрсөтүлгөндөн ашып кетсе, 700 миң сом өлчөмүндөгү салык төлөп берүүгө туура келет. Ошондой эле, мыйзамдаштыруу үчүн 1 миллион сом 10 миң доллар өлчөмүндө салык төлөөнү талап кылат.