Бүгүн Ош, Баткен, Нарын, Талас жана Чүй облустарынын тогуз районунда 45 шайлоо участкаларында, жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өттү.
Шайлоочулардын тизмеси түзүлүп жана Борбордук шайлоо комиссиясына берилди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
БШКнын маалыматына ылайык, такталган тизмелер боюнча шайлоочулардын саны 54 миң 782 адамды түзөт.
“Инфоком” мамлекеттик ишканасы тарабынан добуш берүүчүлөрдү идентификациялоо үчүн 177 оператор жана 107 шайман берилген. Шайлоо участкалары саат 8.00 дөн 20.00 гө чейин ачылат.
Айылдык кеңештерге өзүн-өзү көрсөткөндөр гана көрсөтүлөт. Шайлоо партиялык тизме менен эмес, бир мандаттуу округдар боюнча өтөт.
13:00 абалга карата 13 миң 404 шайлоочуга жакын добуш берди, бул шайлоочулардын билдирилген санынын 24.47% ын түзөт.