Бүгүн Сооронбай Жээнбеков менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын башчысы Роман Чакрабарти менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар суу чарба объектилерин курууга жана модернизациялоого тиешелүү долбоорлор боюнча өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.
Ошондой эле бүткүл республика боюнча ирригациялык тармактарды көбөйтүү жана техникалык колдоо боюнча маселелер сүйлөшүлдү.
Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы калктын бакубаттуулук деңгээлинин өсүшүнө өбөлгө түзөт. Жалпы күч-аракеттердин аркасында энергетика, ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, жеке ишканаларга көмөк көрсөтүү, мамлекеттин финансы секторун бекемдөө чөйрөсүндөгү долбоорлор ишке ашырылууда.
Ал билдиргендей, мамлекеттин 2040-жылга чейинки Улуттук өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу алкагында 249 инвестициялык долбоорду 20 млрд долларга дейре ишке ашыруу, миграцияны жана жумушсуздукту азайтуу пландаштырылган.
Мамлекет башчысы борбордо өткөн «Региондор үчүн таза суу» форумунун маанилүүлүгүн жана республиканы таза суу менен камсыз кылуу – бул анын программасынын артыкчылыктуу багыты экендигин айтты. 5 жылдын ичинде бардык райондорду таза суу менен камсыз кылуу пландаштырылууда.
Сума Чакрабарти Кыргыз Республикасында элдин турмушун жакшыртуу үчүн көп иштер жасалып жатканын белгиледи. Мындан тышкары, мамлекетте инвестициялык климат бир кыйла жакшырды.
ЕРӨБ жалпы суммасы 800 млн доллардан ашуун долбоорду колдоду, евробанкдын башчысы белгиледи.
Жыл сайын банк тарабынан Кыргыз долбоорлорун колдоо үчүн 15 млн еврого жакын каражат бөлүнөт, бирок ал инвестицияларды жылына 100 млн. еврого чейин көбөйтүүгө даяр. “Биз колдойбуз сиздердин артыкчылыктуу багыттары суу менен камсыздоо боюнча, ирригация, айыл чарбасы, энергетика, тоо-кен өнөр жайын”, — деп билдирди Сума Чакрабарти.
Сүрөт: kg.akipress.org